Кереге Билим

Көркөм дүйнөгө кош келиңиз!

Бул баракта кыргыз адабияты боюнча жомоктор, поэзиялар жана аңгемелер менен таанышасыз.

Жомок

«Кожожаш» жомогу

Өлөн

«Ата-эне» өлөнү

Аңгеме

«Асан менен Үсөн» аңгемеси

Кожо жаш адабий окуу:

Кожожаш — кыргыздын эң байыркы эл дастандарынын бири. Дастан өзүнүн калыптанып, пайда болгон мезгили жагынан архаикалык мүнөзгө ээ. Дастанда кыргыздардын байыркы доордогу тотемистик, анимистик ишенимдери кенен чагылдырылган. Мындан сырткары, дастанда байыркы кыргыздардын чарбалык укладдары, жашоо образы, диний-философиялык ишенимдери даана көрсөтүлгөн. Байыркы кыргыз коомунда, табийгаттын татаал шарттарында аңчылык да кыргыздардын чарбалык кесипчилигинин бир түрү болгондугун байкоого болот. Мында адам баласы менен табийгаттын катаал кубулуштарынын ортосундагы өз ара алакалар, байланыштар чагылдырылган. Айрым изилдөөчүлөр дастанды баатырдык эпос катары атап жүрүшсө, кээ бир окумуштуулар ага социалдык-турмуштук багыттагы эл чыгармасы катары аныктама ыйгарып келишет.

Кыргыздын кытай уруусунан чыккан көзгө атар мерген Кожожаштын Зулайка сулууга үйлөнүшү, касиеттүү кайберен Сур эчки менен эрегишип, Сур эчкинин каргышына калып адам жеткис аскада жалгыз калып мерт болушу, Кожожаштын уулу Молдожаш баралына жеткенде атасынын кунун кууп, Сур эчкиден өч алышы эпостун сюжетинин негизин түзөт. Дастанда өзгөчө адам баласы менен жаратылыш ортосундагы аң сезимдүү байланыш, адам баласынын ага болгон адеп-ахлактык мамилеси курч коюлган. Адамдын билгенден билбестикке ташталган алаканын түбөлүктүүлүгү жана анын жеңиштүү болору да турмуштук өсүшү логикасына карата ылайык берилгендигин көрүүгө болот.

«Кожожаш» эпосу кыргыздардын байыркы доордогу турмуш-шартын, чарбачылыгын, каада-салтын, диний ишенимдерин жана башка изилдөө боюнча маанилүү булак болуп эсептелет.

1. Кожожаш өзүнүн тагдырын башынан эле билсе да, эмне үчүн ага карай барды — бул эрдикпи, берилгендикпи же жазмышпы?
  • а) Элди сактап калуу үчүн эрдик менен барды.
  • б) Себеби ал тагдырдан качып кутула албайм деп ойлоду.
  • в) Ал тагдырды өзгөртө алам деп ишенди.
2. Кожожаштан анын тагдыры тууралуу чындыкты жашыруу туура болдубу?
  • а) Ооба, аны коргоп, азаптан сактап калуу үчүн.
  • б) Жок, ар кимдин тандоо укугу болушу керек.
  • в) Балким туурадыр, анткени чечимди эл кабыл алган.
Ата-эне өлөнү

Ата-эне – туулгандыгы тууралуу китепчеде белгилүү бир балага ата-эне катары жазылган жактар (атасы менен энеси). Ошентип, «А-э-нин» юридикалык түшүнүгү биологиялык түшүнүк менен дал келбей калышы да мүмкүн (м.: жасалма түрдө уруктандырылса).

1. Ата-эне деген эмне?
  • A) Баланын туугандары менен кошуналары
  • B) Балага кам көргөн мугалимдер.
  • C) Туулгандыгы тууралуу китепчеде ата-эне катары көрсөтүлгөн адамдар
2. Юридикалык ата-эне менен биологиялык ата-эне кандай учурда дал келбеши мүмкүн?
  • A) Эгер бала чет мамлекетте төрөлсө
  • B) Эгер бала бала бакчага барса
  • C) Эгер бала жасалма түрдө уруктандырылса
Асан менен Үсөн - аңгемеси

Асан-Үсөн (Карасуу) мөңгүсү – Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 7 км, аянты 6,5 км2. Каравшин суусунун (Исфара суусунун куймасы) алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3040 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3800 м, абляция облусунун аянты 5,0 км2, анын 3,9 км2 морена менен капталган. Куралуу облусу кенен, «тили» кууш. Мөңгүдөн башталган Карасуу Ак-сууга кошулуп, Каравшин суусун (Исфаранын оң курамы) түзөт.

1. Асан-Үсөн (Карасуу) мөңгүсү кайсы тоо кыркасынын түндүк капталында жайгашкан?
  • A) Ала-Тоо кырка тоосу
  • B) Түркстан кырка тоосу
  • C) Фергана кырка тоосу
2. Мөңгүнүн этеги канча бийиктикте жайгашкан?
  • A) 3800 метр
  • B) 4800 метр
  • C) 3040 метр